• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"ПСЖ" клубу Неймарды 180 миллион еврого сатууга даяр

Спорт 0

Бишкек, 30.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Франциялык "ПСЖ" клубу чабуулчу Неймарды кеминде 180 миллион еврого сатууга даяр. Бул тууралуу Sport.es басылмасы билдиргенин Р-спорт жазып чыкты.

"ПСЖ" 300 миллион евро делген акчасынын суммасын азайтып, испаниялык "Барселона" клубу менен сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирген.

Франциялык клуб Неймар үчүн түзүлө турчу келишимде оюнчуларды алмаштыруунун ордуна акчалай жүргүзүүнү карап жатат. Буга чейин "Барселона" клубу өзүнүн оюнчусу Филиппе Коутинього Неймарды алмашууну сунуштаган.

Эскерте кетсек, 2017-жылы "ПСЖ" Неймарды "Барселона" клубунан 222 миллион еврого сатып алган. Анын келишими 2022-жылга чейин түзүлгөн.

Ошондой эле, "Барселона" клубу Неймар үчүн "ПСЖ" командасына 100 миллион евро жана 6 оюнчунун экөөсүн сунуштаган.

Пикир

Оставить комментарий