• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"ПСЖ" мадриддик "Реалдын" Неймар үчүн 3 оюнчу жана 100 миллион евро берүү сунушун четке какты

Спорт 0

Бишкек, 22.08.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. "Реал Мадрид" клубу франциялык "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Неймар боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатат. Ошол эле учурда "Барселона" менен "Ювентус" клубунун жетекчилери да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Sports.ru басылмасы билдирет.

"Реал" клубу бразилиялык оюнчуга 100 миллион евро жана өзүнүн оюнчулары – Гарет Бэйл, Хамес Родригес жана Кейлор Навасты сунуштоодо. Бирок, париждик клуб сунушту четке какканын L’Equipe гезити жазып чыкты.

Ал эми, "Барселона" Неймар үчүн 160 миллион евро сунуштаган. "ПСЖ" клубу өзүнүн жылдызын 200 миллион еврого берерин билдирген.

Эскерте кетсек, 2017-жылы "ПСЖ" Неймарды "Барселона" клубунан 222 миллион еврого сатып алган. Анын келишими 2022-жылга чейин түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий