• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“ПСЖ” менен “Челси” командалары Чемпиондор лигасынын жарым финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын чейрек финалында “ПСЖ” менен “Бавария” жана “Челси” менен “Порту” командалары оюн өткөрдү.

“ПСЖ” менен “Бавария” командаларынын жооптук беттеши 1:0 эсебинде германиялык команданын жеңиши менен аяктады. Алгачкы оюнда франциялык команда 3:2 эсебинде жеңип алган. Жалпы эсеп 4:4, бирок “ПСЖ” конокто көп гол киргизгендиктен жарым финалга чыкты.

Ал эми “Челси” менен “Порту” командаларынын жооптук беттеши 1:0 эсебинде португалиялык клубдун жеңиши мене аяктады. Алгачкы беттеште “Челси” 2:0 эсебинде уткан. Жалпы эсеп 2:1 болуп, англияык клуб кийинки баскычка көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, эртең, 15-апрелде Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын жооптук беттешинде “Ливерпуль” менен “Реал” жана “Боруссия” менен “Манчестер Сити” командалары оюн өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий