• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ПЦР-тест, антисептик, беткап. Президенттин инаугурациясы кандай өтөт?

Коом 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. КР жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтөт. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге КР президентинин аппаратынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов билдирди.

Анын айтымында, аземди даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети иш алып барууда. Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптардын так сакталышы менен өтөт. Ар бир катышуучу ПЦР-тест тапшыруусу, ошондой эле беткап кийип жүрүүсү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий