• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Путин 2018-жылы президенттик шайлоого катышууну ойлонуп көрүүнү убада кылды

Дүйнө 0

Бишкек, 4-август /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин 2018-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышууну ойлонуп көрөөрүн билдирди деп жазат “ ТАСС”. Президенттин Буратиядагы жыйынында токой өрттөрүнүн натыйжасы боюнча Черемушка кыштагы менен телемост уюштурулган. Эскерте кетсек, ал жакта 2017-жылы апрелде онго чукул үйдү өрт каптап кеткен.

Президентке үйлөрдү калыбына келтирүү иштерин айтып беришти. Ошондой эле, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери сөз сүйлөп, Черемушкага берген жардамы үчүн Путинге ыраазычылык билдирди.

“Владимир Владимирович, биздин өтүнүчүбүз бар, кийинки президенттик шайлоодо талапкерлигиңизди коюуңузду суранабыз”,-деди ардагер.

“Макул, мен ойлонуп көрөм, рахмат”,-деп жооп берди Путин. Андан соң Черемушкадагы үйлөрдү калыбына келтирүү боюнча суроолорун берүүнү улантты.

Пикир

Оставить комментарий