• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Путин Абхазиянын "көз карандысыздыгын" колдоду

Дүйнө 0

БИШКЕК, 09.08.17. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин 8-августта Абхазиянын Пицунда шаарына келди. Тогуз жыл мурда дал ушул күнү беш күнгө созулган орус-грузин согушу башталып, анын жыйынтыгында Грузия Түштүк Осетия жана Абхазия аймактарына көзөмөлүн жоготкон.

Россия президенти Путин эл аралык коомчулук тарабынан таанылбаган Абхазия Республикасынын башчысы Раул Хаджимба менен жолугуп, Орусия бул бул аймактын эгемендигине колдоо көрсөтүүнү уланта берерин айтты. Расмий Тбилиси президент Путиндин бул визитин айыптап чыкты.

2008-жылдын 8-августунда башталган орус-грузин согушунда 412 Грузия жараны мерт болгон. Россия 67 аскер кызматкеринен айрылган. Согуштун соңунда Россия Түштүк Осетия менен Абхазияны "көз карандысыз мамлекет" деп тааныган. 2008-жылдын сентябрь айында расмий Тбилиси Москва менен дипломатиялык алакасын токтоткон.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий