• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Путин Атамбаевди жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.08.17 /Кабар/. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Россиянын Президенти куттуктоо телеграммасында россия-кыргыз мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын маанайында ыкчам өнүгүп жаткандыгын белгилеген.

“Өлкөлөрүбүздүн ортосунда мазмундуу саясый диалог, түрдүү тармактарда жемиштүү эки тараптуу кызматташуу, Евразиялык экономикалык бирликтин, ЖККУнун жана башка эл аралык түзүмдөрдүн алкагында натыйжалуу өз ара аракеттенишүү жөнгө салынган.

Биргелешкен аракеттер менен россия-кыргыз байланыштарынын бардык комплексин мындан ары өнүктүрүүнү камсыз кыла алабыз деп ишенем. Бул, албетте, жалпы кызыкчылыктарыбызга жана Борбордук Азия аймагындагы коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо багытына төп келет”,- деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Президент Владимир Путин Президент Алмазбек Атамбаевге чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине - тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Пикир

Оставить комментарий