• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Путин: Биздин интеллектуалдык мурастарыбызды сактап калуу жөнүндө бирге ойлонуу өтө маанилүү

Коом 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин бүгүн 27-мартта Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен өтүп жаткан «Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү — келечекке инвестиция» биринчи Форумунун катышуучуларына жана меймандарына кайрылуу жолдогон.

Президент Владимир Путиндин атынан кайрылууну Россия Федерациясынын Президентинин Башкармалыгынын регионалдык жана чет мамлекеттер менен маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын начальниги Владимир Чернов окуп берди.

Кайрылуунун тексти:

«Кымбаттуу достор!

Сиздерди Россия менен Кыргызстандын вуздарынын ректорлорунун „Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү — келечекке инвестиция“ биринчи Форумунун ачылышы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Ушул сыяктуу иш чаралар, албетте, абдан зарыл. Эки мамлекеттин жогорку окуу жайларынын ортосунда түз диалог билим берүү жана илим чөйрөсүндө өз ара алаканы өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет, салт катары Россия-Кыргызстан стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин олуттуу негизин түзгөн эки тараптуу гуманитардык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт.

Сиздер бүгүн окутуучулук, изилдөөчүлүк жана уюштуруучулук иштер боюнча тажрыйба алмашып, эки тараптуу негизде да, евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында да биогелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулайсыздар. Биздин интеллектуалдык, маданий жана руханий жалпы мурастарыбызды кантип сактап жана байытуу жөнүндө бирге ойлонуу өтө маанилүү.

Сиздердин дискуссиялар кызыктуу жана мазмундуу болуп, Россиянын жана Кыргызстандын жождорунун кызматташтыгынын жаңы формаларын жана ыкмаларын аныктоого жана албетте, биздин өлкөлөрүбүздүн элдеринин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө болот деп ишенем.

Чын дилимден сиздерге ийгиликтерди жана бардык жакшылыктарды каалайм „

Пикир

Оставить комментарий