• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Путин Донбасста атайын аскердик операция жүргүзүлөрү тууралуу билдирди

Дүйнө 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин россиялыктарга кайрылуусунда Донбасста атайын аскердик операция жүргүзүү боюнча чечим кабыл алганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазат.

“Учурдагы жагдай бизден чечкиндүү жана токтоосуз чара көрүүнү талап кылууда. Донбасстын элдик республикалары Россияга жардам сурап кайрылышкан. Ушуга байланыштуу БУУнун Уставынын 51-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, Федерация Кеңешинин санкциясы менен жана Федералдык Жыйын ратификациялаган Донецк Элдик Республикасы (ДЭР) жана Луганск Элдик Республикасы (ЛЭР) менен достук жана өз ара жардамдашуу келишимдерин аткаруу үчүн атайын аскердик операция жүргүзүү чечимин кабыл алдым”, - деп билдирген Путин өз кайрылуусунда.

Путин белгилегендей, Россиянын пландарына Украинаны оккупациялоо кирбейт, бирок Москва аны демилитаризациялоого аракет кылат.

“Анын максаты (Россиянын атайын операциялары) сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан зордук-зомбулукка, геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо жана бул үчүн биз Украинаны демилитаризациялоого жана денацификациялоого, ошондой эле жарандарга, анын ичинде Россиянын жарандарына каршы көптөгөн кандуу кылмыштарды жасагандарды жоопкерчиликке тартууга аракет кылабыз”, - деди Путин.

Россия Украина тараптан келип жаткан тынымсыз коркунучта өзүн коопсуз жана өнүккөн өлкө катары сезе албайт деген өлкө башчысы Украина Түндүк Атлантика келишим уюмуна (НАТО) кошулуусу кабыл алынгыс экенин белгиледи.

Путин Россия КМШ өлкөлөрүнүн эгемендигин сыйлай тургандыгын баса белгиледи.

Ал белгилегендей, НАТО Россиянын чек арасына жакындап баратат. Анын айтымында, Москва 30 жылдан бери блокту чыгышка жайылтпоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылып, алдамчылыкка, кысымга жана коркутууга дуушар болгон.

Россия окуялардын ар тараптуу өнүгүшүнө даяр, бардык чечимдер кабыл алынган, деп билдирди Путин. «Менин үнүм жетет деп үмүттөнөм», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий