• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Путин «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» конференциясынын катышуучуларына кайрылуу жолдоду

Коом 0

Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясынын катышуучуларына жана конокторго кайрылуу жолдоду.

Кайрылууну Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко бүгүн, 21- ноябрда, Бишкекте өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында окуду.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу достор!

»Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери« орус-кыргыз эл аралык конференциясынын башталышы менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Мындай жолугушууну Россия жана Кыргызстандын кадыр-барктуу диний жана коомдук ишмерлери, мамлекеттик мекемелердин, илимий жана коомчулуктун өкүлдөрү менен өткөрүү абдан зарыл жана өз убагындагы демилге.

Ислам жана христиандык, башка дүйнөлүк диндер сыяктуу эле фундаменталдуу гумандуулук баалуулуктарга, жогорку мааниге ээ болгон — жакынына ырайым кылуу жана сүйүүгө, адилеттүүлүккө жана инсанга урмат кылууга негизделген.

Ошондуктан диний уюмдардын биригип, алардын мамлекеттик жана коомдук түзүмдөр менен конструктивдүү өз ара аракеттениши түрдүү диний агымдардын өкүлдөрүнүн кылымдар бою жашап келген биздин өлкөлөрдө жарандык тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөнүн зарыл шарты болуп саналат.

Биздин позитивдүү тарыхый тажрыйбабызды сактап калуу, коргоо жана кийинки муунга кайталангыс мурасты — ар кандай динге ишенген адамдардын ортосундагы достукту, бири-бирин урматтап сыйлоо, түшүнүшүү салтын өткөрүп берүү абдан маанилүү.

Конференциянын жүрүшүндө сиздер конфессиялар аралык жана улуттар аралык диалогду өнүктүрүү жолдорун талкуулап, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо руханий, адеп-ахлактык, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоодо диний уюмдардын ролун өстүрүү мүмкүнчүлүктөрүн да карайсыздар деген үмүттөмүн.

Сиздерге жемиштүү баарлашууну жана жакшылыктарды каалайм».

Пикир

Оставить комментарий