• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Путин КМШ өлкөлөрүнүн лидерлерин жана жарандарын Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Молдавия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Абхазия, Түштүк Осетия, Грузия, Украинанын президенттерине жана жарандарына Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 76 жылдыгына карата куттуктоо билдирүүсүн жөнөттү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Путин куттуктоосунда 9-май күнү аталарыбыздын жана чоң аталарыбыздын душмандарга каршы эр жүрөктүк менен күрөшүп, оорукта жан аябастык менен эмгектенген эрдигин сыйлайбыз деп баса белгиледи.

“Бүгүнкү биздин моралдык милдетибиз - ал катаал жылдардагы окуялардын элесин кылдат сактоо менен жаш муундарга өткөрүп берүү. Тарыхты бурмалоо жана Улуу Ата Мекендик согуштун жыйынтыктарын карап чыгуу, улутчулдардын кылган мыкаачылыкты актоо аракеттерине биз биргеликте чечкиндүү туруштук беришибиз керек”, - деди Владимир Путин.

Россиянын президенти катаал согуш жылдарында чыңалган бир туугандык достук мамиле өлкөлөр жана элдер арасында сактала берерине ишенерин билдирди. Владимир Путин Улуу Ата Мекендик согуштун бардык ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине чын жүрөктөн ыраазычылык сөздөрүн айтып, аларга ден соолук, бакубат жашоо жана узак өмүр каалады.

Пикир

Оставить комментарий