• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Путин КМШ саммитине катышуу үчүн Душанбеге келди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.09.18. /Кабар/. Орусия президенти Владимир Путин 27-сентябрда КМШ өлкө башчыларынын саммитине катышуу жана бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн Душанбе шаарына келди.

Путиндин Тажикстандагы сапары бейформал түштөнүү менен башталып, ал кесиптештери менен жолугушууларды өткөрөт. 28-сентябрда Орусия башчысы КМШ өлкө башчыларынын жыйынына катышат. Мындан тышкары Путин Тажикстан президенти Эмомали Рахмон жана Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугат.

КМШ өлкө башчыларынын жыйынында саясий өз ара мамилелер, маданий-гуманитардык жана коопсуздук тармагындагы кызматташуулар тууралуу кеп болот.

Уюмдун Аткаруу кеңеши тараткан маалыматка караганда, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 70 жылдыгына байланыштуу даярдалган долбоор каралып, 2020-жылы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын өткөрүүгө камдык көрүү маселеси талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий