• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Путин коронавируска каршы вакцина каттоодон өткөнүн билдирди

Дүйнө 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Президент Владимир Путин Россияда «коронавирус инфекциясына каршы дүйнөдөгү алгачкы вакцина» каттоодон өткөнүн, кыздарынын бири эмдөөгө катышканын билдирди.

Бул маалыматты ал 11-августта өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда жарыялады. Путин вакцина эффективдүүлүгүн көрсөткөнүн жана коронавируска карата туруктуу иммунитет пайда кылууга жөндөмдүү экенин белгиледи.

«Мага маалым болгондой, бүгүн эртең менен коронавирус инфекциясына каршы дүйнөдөгү биринчи вакцина каттоодон өттү», - деди Путин.

Ал кыздарынын бири вакцинанын сыноосуна катышып, эмдөөдөн өткөнүн, биринчи күнү анын дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп, кийинки күнү 37ге түшкөнүн, вакцинанын кийинки дозасынан соң өзүн жакшы сезип жатканын айтты. Вакцина бардык текшерүүдөн өткөнүн, анын өндүрүшү жакын арада башталарын кошумчалады.

Бирок Россия вакцинанын сыноосу тууралуу илимий маалыматтарды жарыялай элек.

Россияда коронавируска каршы вакцинанын үстүндө Москвадагы Николай Гамалея атындагы илимий борбор, Новосибирскидеги «Вектор» мекемеси менен Санкт-Петербургдагы илимий изилдөөчү институт иштеп келет. Буга чейин Гамелея борбору Россиядагы биринчи вакцина даяр болгонун, ал август айында медициналык мекемелерге жеткирилерин, сентябрда жапырт өндүрүш башталарын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий