• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Путин КР жарандарына Россияда улуттук күбөлүк менен унаа айдоого уруксат берди

Коом 0

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин РФ аймагында эмгектенген Кыргызстандын жарандарына улуттук айдоочулук күбөлүк менен жүрүүгө уруксат берген мыйзамга кол койду. Документ укуктук маалымат расмий интернет-порталында жарыяланган.

Мыйзамда бул норма орус тили расмий тил катары эсептелген өлкөлөрдүн жарандары үчүн да жайылтылат.

Азыркы кезге чейин “Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө” мыйзамдын 25-беренесинин 13-пунктуна ылайык, чет элдик улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрү менен унаа башкарууга жол берилген эмес. Эми бул пунктка мыйзам толуктоолорду киргизди.

“Бул пункттун жоболору Кыргыз Республикасынын, ошондой эле, мыйзамдары тарабынан орус тили расмий катары саналган өлкөлөрдүн РФ аймагында унаа башкаруу тармагында эмгектенген жарандарына таандык эмес”, - деп айтылат мыйзамдын текстинде.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий