• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Путин: Кыргыз-Россия алакасы ар тараптуу өнүгүүдө

Саясат 0

Москва, 27.02.20. /Кабар/. Кыргыз-Россия алакасы ар тараптуу өнүгүүдө. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Россияга жумушчу сапар менен барган КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билдирди.

Ал, КР менен Россиянын Эриш-аркак жылынын алкагында 200дөн ашык иш-чара өткөрүү пландалганын белгиледи.

"Бул жыл биздин алакалар үчүн пайдалуу болот деп ишенем. Кыргыз-Россия алакасы ар тараптуу өнүгүүдө. Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү бойдон калууда. Өткөн жылы бир катар жолугушуулар болгон. Быйыл да андай жолугушуулар болоруна ишенем", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий