• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Путин: Кыргызстан — биздин ишенимдүү союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз

Саясат 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Кыргызстан — биздин ишенимдүү союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Бул тууралуу Россиянын лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен чакан курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатып билдирди.

Путин биз буга чейин да иштегенбиз, мындан кийин да эки тараптуу планда жана эл аралык аянтчада бирге иштешүүгө даярбыз, деп билдирди.

"Биз эми эле Кыргызстан жакында чоң эл аралык уюмду — Шанхай Кызматташтыгы Уюмунун Саммитин кабыл алаары жөнүндө сүйлөштүк. Бул ири эл аралык иш-чара жогорку деңгээлде өтөт деп ишенем", - деп баса белгиледи Владимир Путин.

Чакан курамдагы жолугушуудан соң, тараптар кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт.

Белгилей кетсек, Владимир Путин Кыргызстанга Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча алгачкы мамлекеттик визит менен келди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюлат.

Ошондой эле мамлекет башчылардын сегизинчи Кыргызстан-Россия региондор аралык конференцияга катышуусу жана Ч.Айтматовдун үй-музейине баруусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий