• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Путин Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 31.12.18. /Кабар/. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады.

«Кыргызстан менен болгон союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү Россияда жогору баалашат. Биргелешкен аракеттер менен биздин элдердин жыргалчылыгы үчүн, регионалдык туруктуулукту жана коопсуздукту бекемдөөнүн кызыкчылыгында эки тараптуу байланыштардын бүтүндөй комплексин мындан ары карай өстүрүүнү камсыз кылып, евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенишүүнү бекемдей алабыз деп ишенем», — деп белгиленет куттуктоодо.

Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековго бекем ден-соолук, бакты-таалай жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын достук мамиледеги элине тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий