• 84.8
  • 102.11
  • 1.15

Путин Кыргызстан элин жана Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 31.08.20. /Кабар/. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана шериктештик маанайда өнүгүүдө. Эки тараптуу саясий диалог, түрдүү тармактардагы жемиштүү кызматташтык, ошондой эле ЕврАзЭБ, ЖККУ жана ШКУнун алкагындагы аракеттерди координациялоо кеңейип жатат.

Биргелешкен аракеттер менен биз кыргыз-россия байланыштарын мындан ары өркүндөтүүнү, коркунучтарга жана эл аралык коопсуздукка каршы чакырыктарга, анын ичинде коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнү камсыздайбыз деп ишенем. Бул биздин боордош элдерибиздин кызыкчылыктарына жооп берери шексиз», — деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго ден-соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өсүнүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий