• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Путин Кыргызстан менен Россиянын мамилесинин ийгиликтүү өнүгүүсүн белгиледи

Саясат 0

=Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушууда эки өлкөнүн мамилесинин ийгиликтүү өнүгүүсүн белгиледи. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

“Мамлекеттер аралык мамилелердеги кырдаал бекемделип жана өнүгүп келе жатат деп айта алабыз", - дейт ал.

Путин Кыргызстан менен соода жүгүртүүдө Россия биринчи орунда турганын кошумчалады. Былтыр эки өлкө ортосунда соода жүгүртүү төмөндөп кеткен, бирок россиялык лидердин айтымында, 2021-жылдын биринчи чейрегинде ал көрсөткүч 6%га өскөн.

Пикир

Оставить комментарий