• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Путин Кыргызстан менен Россиянын өнөктөштүгү ушул өңүттө калаарына ишеним артты

Саясат 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин өзүнүн Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин алкагында КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков менен кенен чөйрөдө өткөн жолугуусу учурунда билдирди.

Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келүүгө чакырганы үчүн Президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди.

“Биздин ишибиз Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү үчүн пайдалуу болооруна ишенем. Соода-экономикалык чөйрө биздин көңүлдүн көмөк чордонунда турат. Бул жерде белгилей кетчү нерсе соода-экономика жаатында жагымдуу абал байкалып, көлөмдөр дайыма өсүүдө. Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүндө биз жакшы натыйжа байкадык. Кыргызстандын ЕАЭБ менен болгон товар жүгүртүү дайыма өсүүдө. Эки тараптуу кызматташууда да өсүү бар”, - деди ал.

Путин билим жаатында кызматташууну баса белгилеп, учурда Кыргызстанда орус ЖОЖнун өкүлдөрүнөн турган чоң делегация келгендигин айтты.

Андан тышкары ал россиялык аймактарынын жетекчилеринен турган чоң топ келгендигин да белгиледи.

“Өзүнүн өнөктөштөрү менен жолугуу үчүн өлкөнүн 18 аймагынан кесиптештер келди. Кыргызстанда иштөө мүмкүнчүлүктөрүн байкоо үчүн 200дөн ашык россиялык бизнесмендер келишти”, - деди Россиянын президенти.

Андан тышкары Путин аскердик ведомстволор аралык өз ара кызматташуу жакшы уюшулгандыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий