• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Путин Кыргызстан менен Тажикстандын жаңжалын чечүүдө ортомчулук кылууга даяр

Саясат 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. РФ президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Тажикстандын жаңжалын чечүүдө ортомчулук кылууга даяр, деп билдирди мамлекет башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

“Биздин ЖККУ сыяктуу жана башка түрдүү форматтардагы жалпылыгыбызды эске алуу менен албетте, президент Путин мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы көтөрүлгөн олуттуу көйгөйлөрдү чечүүдө ортомчулук кылууга дайым даяр. Ал бул жөнүндө дайыма айтып келет”, - деп жооп берди Песков Кыргызстан менен Тажикстандын жаңжалында Россиянын мамлекет башчысынын ортомчулук кылуусу мүмкүнбү деген суроого.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий