• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Путин менен Ким Чен Ындын жолугушуусуна активдүү даярдык көрүлүүдө – Ушаков

Дүйнө 0

Бишкек. 18.04.19 /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жолугушуусуна активдүү даярдык көрүлүүдө, тараптар убактысын жана жерин тактап жатышат, деп жазды ТАСС агенттиги.

"Мен жолугушууга активдүү даярдык көрүлүүдө деп айта алам", – деди журналисттерге орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков.

Путин менен Ким Чен Ындын жолугушуусу эмки жумада Владивосток шаарына өтөбү деген суроого, Ушаков "жолугушуу каалаган жерде болушу мүмкүн, активдүү даярдык көрүлүүдө", – деп кошумчалады.

"Убактысы боюнча так маалымат бере албайм", – деди Ушаков.

Эске салсак, 15-апрелде Yonhap агенттиги өз булактарына шилтеме кылып, Владимир Путин менен Ким Чен Ын апрелдин аягында жолугушу мүмкүн, - деп кабарлаган.

Маалыматка ылайык, 24-апрелде Путин иш сапары менен Россиянын чыгыш тарабына барат. Андан кийин 26-27-апрелде Кытайда өтө турган "Бир алкак – бир жол" эл аралык форумга катышат.

Yonhap'тын маалыматы боюнча, Путин Кытайга чейин же андан кийин Ким Чен Ын менен жолугушууну пландоодо. Жолугушуу Владивосток шаарында өтүшү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий