• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын апрелдин аягында жолугушу мүмкүн

Дүйнө 0

Бишкек. 15.04.19 /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын апрелдин аягында жолугушу мүмкүн. Бул тууралуу Yonhap агенттиги өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка ылайык, 24-апрелде Путин иш сапары менен Россиянын чыгыш тарабына барат. Андан кийин 26-27-апрелде Кытайда өтө турган "Бир алкак – бир жол" эл аралык форумга катышат.

Yonhap'тын маалыматы боюнча, Путин Кытайга чейин же андан кийин Ким Чен Ын менен жолугушууну пландоодо. Жолугушуу Владивосток шаарында өтүшү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий