• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Россия Кыргызстанга жөнөткөн мунайзаттардан бажы пошлинасын албайт

Коом 0

Бишкек, 31.12.18 /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин мунай жана мунайзат продуктуларын берүү багытында кызматташуу боюнча Россия-Кыргыз өкмөттөр аралык келишимдин протоколун ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Документке ылайык, Россия Кыргызстанга жөнөтүлгөн мунайзат продуктуларынан бажы төлөмдөрүн албайт, эгер индикативдик баланста көрсөтүлгөн күйүүчү майдын баары республиканын ичинде кана колдонула турган болсо.

Эске салсак, эки тарап жыл сайын Кыргызстанга керектелчү күйүүчү майдын көлөмүн бекитишет. Индикативдик баланста көрсөтүлүп, эки тарап келишим менен бекиткен көлөмдөгү мунайзаттан бажы пошлинасы албайт. Ал эми көрсөтүлгөн көлөмдөн ашса, пошлинасы төлөнүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий