• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Путин октябрда расмий сапар менен Өзбекстанга барат

Дүйнө 0

Бишкек, 27,09.18. /Кабар/. Орусиянын президенти Владимир Путин 18-19-октябрь күндөрү расмий сапары менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары өлкөнүн Тышкы соода министрлигине шилтеме кылып жазышты.

«Быйыл 18-19-октябрда Ташкентте Өзбекстан башчысы Шавкат Мирзиёев менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусу болот. Орус мамлекет башчысынын расмий сапарынын алкагында аймактар аралык кызматташтыктын алгачкы орус-өзбек форуму өтөт», — деп билдиришти мекемеден.

Орусия Өзбекстандын эң башкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө өлкөдө орусиялык капиталдын катышуусундагы 960тан ашык ишкана иштейт. Өзбекстандын Соода-өнөр-жай палатасынын эксперттеринин божомолунда, жыл соңуна чейин андай ишканалардын саны миңден ашат. Ошол эле маалда Орусияда азыр өзбек жарандары тарабынан ачылган 560тан ашык ишкана иштейт.

Расмий маалыматтарга караганда, Өзбекстан Орусия менен товар алмашуу көлөмү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен төртүнчү орунда турат. Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча, ал 3,6 миллиард долларды түзүп, 33,9% көбөйгөн.

Быйыл январь-февраль айларында өлкөлөр ортосундагы товар алмашуу көлөмү 50,2% өсүп, дээрлик 600 миллион долларга жеткен.

Пикир

Оставить комментарий