• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Путин президент Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады

Жеңишке 75 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдайт.

«Россия жана Кыргызстан элдери фашисттик баскынчыларга каршы каармандык менен күрөшүп, келечек муундар үчүн жер жүзүндө тынчтыкты коргогондордун элесин ыйык тутуп, урматтап келишет.

Ата-бабалардан мурас болуп калган достуктун жана өз ара жардамдашуунун даңктуу салттары мындан ары да кыргыз-орус мамилелерин биримдик жана стратегиялык өнөктөштүк духунда өнүктүрүүнүн ишенимдүү негизи болуп кала берерине жана заманбап чакырыктарга, анын ичинде коронавирус пандемиясына каршы турууга жардам берерине бекем ишенем», — деп белгиленет телеграммада.

Президент Владимир Путин Кыргызстанда жашаган бардык ардагерлерге жана ооруктун эмгекчилерине чын жүрөктөн ден соолук, бакубаттуулук жана узун өмүр каалады.

Пикир

Оставить комментарий