• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Путин президенттик шайлоого катышарын билдирди

Дүйнө 0

Бишкек, 07.12.17 /Кабар/. Орусиянын башчысы Владимир Путин 2018-жылы өтө турган президенттик шайлоодо талапкерлигин кое турганын жарыялады. Мындай билдирүүсүн ал кечээ Нижний Новгород шаарында ГАЗ автомобиль заводунун жумушчулары жана ардагерлери менен жолугушуу учурунда жасады.

Быйыл жыл ичинде Путинден президенттик шайлоого катышар-катышпасы тууралуу бир канча жолу сурашкан. Бирок ал дайыма тайсалдап, так жооп берүүдөн качып келген. 6-декабрда Ыктыярчылардын бүткүл орусиялык форумунда президентке дагы бир жолу бул суроону узатышты. Жооп катары ал форум катышуучуларынан талапкерлигимди колдойсуңарбы деп сурап, оң жооп алгандан кийин аларга ыраазычылыгын билдирди.

“Колдогонуңар үчүн ырахмат. Мен өз талапкерлигимди Орусия Федерациясынын президентинин кызматына көрсөтөм”, - деди Путин.

65 жаштагы Владимир Путин Орусияны 1999-жылдан бери башкарып келатат. Бул аралыкта ал 13 жыл өлкө президенти, дагы төрт жыл өкмөт башчысы катары иштеди.

Буга чейин Орусиядагы президенттик шайлоого катышуу ниетин теле алып баруучу Ксения Собчак, «Яблоко» партиясынын лидери Григорий Явлинский, ЛДПРдин лидери Владимир Жириновский жана ишкер Сергей Полонский билдирген. Андан тышкары президенттикке оппозициячы Алексей Навальный дагы талапкерлигин коюуга ниеттенип жатат. Бирок бийлик «Кировлес» иши боюнча айыптоо өкүмүнө байланыштуу ал шайлоого катыша албай турганын билдирүүдө. Буга карабастан саясатчы өзүнүн шайлоо алдындагы өнөктүгүн улантууда.

Пикир

Оставить комментарий