• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Путин Россия эмнеге Трампты жактыраарын түшүндүрдү

Дүйнө 0

Бишкек, 15-июнь /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин америкалык режиссер Оливер Стоунга берген маегинде Россия АКШнын президенти Дональд Трампты, ал Россия менен болгон мамилени калыбына келтирүү жөнүндө айтканы үчүн, жактыраарын билдирди.

“Албетте, биз Трамп мырзаны жактырабыз. Азыр дагы ал мамилебизден жазган жокпуз. Анткени ал коомчулукка Россия менен болгон мамилени калыбына келтирүүгө даяр экенин билдирген болчу. Ошондо мага ар кайсы өлкөнүн журналисттери суроо берүүгө аракет кылып, мени бир нерседен кармап калабыз деп ойлошчу. Мен бардык учурда, “сиздер Россия менен Американын жакшы мамиледе болушуна каршысыздарбы?”- деген суроо берчүмүн”, - деди Путин.

Мындан тышкары, “биз албетте практика жүзүндө эки өлкөнүн мамилеси кандай өнүгөөрүн карашыбыз керек. Ал экономикалык байланыштарды калыптандыруу, терроризм менен бирге күрөшүү жөнүндө айткан. Бул эмне жаманбы?”,- деди президент.

Стоундун “Путин менен интервью” деген төрт сериалуу тасмасын америкалык “Showtime” телеканалы ушул жумада көрсөтөт. Ал эми, тасмадан үзүндүлөрдү “Salon.com” маалымат сайты цитата келтирүүдө.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий