• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Путин: Россия коргоо тармагына кеткен каражатты кыскартат

Дүйнө 0

Бишкек, 15-июнь /Кабар/. Россия жакынкы үч жылда коргоо тармагына бөлүнчү каражатты 2,7-2,8% чейин кыскартат. Бул туурасында Путин Оливер Стоунга берген маегинде билдирген.

“Мамлекетте натыйжалуу экономика биринчи болушу керек деген түшүнүк бар. Ошондуктан, армия ирээттүү, бирок заманбап жана таасирдүү болушу керек. Бирок, биз кыйла көп каражат коротобуз. Өткөн жылы сарптоолор 3% пайыздан ашык болду”, - деген Путиндин сөзүн РИА-Новости келтирет.

Эскерте кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин Америкалык режиссер Оливер Стоунга интервью берип, анда айтылган цитаталарды, эл аралык маалымат булактары басып чыгарууда. Интервью 2015-жылдын июлунан тартып, 2017-жылдын февралына чейин алынган.

“Бул биз үчүн ансыз деле көп”,- деди президент. “Бул жылы өлкөдө ишке ашкан бюджетти үнөмдөө процесси, коргоо тармагында чыгымдарды кыскартуунун негизинде аткарылды. Бул акырындык менен жакынкы үч жылда 2,7-2,8% ИДПнын көрсөткүчүнө кайтып келет”,- деп кошумчалады В. Путин.

Пикир

Оставить комментарий