• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Путин Россия менен Кытайдын тышкы саясий артыкчылыгын атады

Дүйнө 0

Бишкек, 5-июль /Кабар/. Корея жарым аралындагы көйгөйдү комплекстүү чечүү Россия менен Кытайдын тышкы саясаттагы артыкчылыктарынын бири деп атады Владимир Путин Кытайдын лидери менен болгон сүйлөшүүсүндө.

“Тышкы саясий артыкчылыктардын катарында-Азиянын түндүк – чыгышында бекем тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо максатында Корея жарым аралындагы маселени комплекстүү чечүү зарыл”,-деди Россия президенти.

4-июль күнү эртең менен Корея элдик демократиялык республикасы "Хвасон-14" ракетасын сынаган. Ал Япония деңизине түшкөн. Континенттер аралык баллистикалык ракетанын ийгиликтүү сындан өткөнү тууралуу Түндүк Кореянын борбордук телеканалындагы эфирде айтылган. Анда ракетаны сыноо аталган өлкөнүн лидери Ким Чен Ындын буйругу менен аткарылганы, ошондой эле, ракетаны сыноого ал өзү жеке катышкандыгы айтылат. Ракета 2802 километр бийиктикте, 933 километрге 39 мүнөт учкан.

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча ракета россиялык ракета түшүү коркунучун алдын алуучу системанын жардамы менен көзөмөлдөнүп турган. Россия тарап ракета 535 километр бийиктике көтөрүлүп, болжолу менен 510 километрге чейин учуп, Япония деңизинин борбордук бөлүгүнө кулаганын билдирген.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий