• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Путин Россиянын дзюдочулары менен күч сынашып жатып, колун кокустатып алды

Дүйнө 0

Бишкек. 15.02.19 /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин Сочи шаарында Россиянын дзюдо боюнча курама командасы менен бирге машыгуу өткөрдү.

Путин "Юг-спорт" комплексинде көпчүлүк спортсмендер менен спарринг машыгуу өткөргөн. Бирок Олимпиада чемпиону Беслан Мудранов менен бирге машыгуу учурунда оң колунун манжасын кокустатып алган, - деп жазат РИА Новости.

Оорутуп алган манжасына жөнөкөй эле пластырь чаптатып алып, машыгууларды кайрадан уланткан.

Эске салсак, Путин мындай иш-чараларды буга чейин бир нече жолу өткөрүп келген.

Пикир

Оставить комментарий