• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Путин Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарды куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 09.05.18. /Кабар/. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстандын бардык жарандарын куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«9-май – Россиянын жана Кыргызстандын элдери үчүн ыйык майрам. Ушул күнү майданда баатырдык менен салгылашкан, оорукта каармандык менен эмгектенген, Мекенибизди жана бардык адамзатты фашизмден сактап калган аталарыбызга жана чоң аталарыбызга сый-урмат көрсөтөбүз.

Алардын өлбөс-өчпөс эрдиги россиялык-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын мындан ары чыңдоочу бекем пайдубал болуп, кылымдар бою жашай берерине ишенем», - деп белгиленет телеграммада.

Президент Владимир Путин Кыргызстанда жашаган ардагерлерге терең ыраазычылык билдирди жана аларга бекем ден-соолук, бакубатчылык, бак-таалай жана узун өмүр каалады.

Пикир

Оставить комментарий