• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Путин Өзбекстанга күзүндө барат

Дүйнө 0

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен күздүн ортосунда барат. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар Орусиянын Ташкенттеги элчиси Владимир Тюрденевге шилтеме кылып жазышты.

«Сапар күздүн ортосуна белгиленди, болжол менен октябрда болот. Азырынча расмий ырастама жок болгондуктан, так датасын айтуу кыйын. Бирок орус президентинин сапары макулдашылган», — деди элчи.

Бүгүнкү күндө Орусия соода-экономикалык жактан Өзбекстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп эсептелет. Учурда өлкөдө орусиялык капитал катышкан 960 ишкана иштейт. Өзбекстандын Соода — өнөр-жай палатасынын божомолуна ылайык, жыл соңуна чейин бул сан миңден ашат. Өз кезегинде Орусияда 560тан ашык өзбек ишканасы иштеп жатат.

Өзбекстан Орусия менен товар алмашуу жагынан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен төртүнчү орунда. 2017-жылдын жыйынтыгында бул көрсөткүч 3,6 миллиард долларды түзүп, 33,9% өскөн.

Быйыл январь-февраль айларында эки өлкө ортосундагы товар алмашуу 50,2% өсүп, дээрлик 600 миллион долларга жеткен. Орусиянын экспорту 59,7%, импорту – 28,1% жогорулаган. Ошол эле маалда Орусиянын Өзбекстанга салган инвестицияларынын жалпы көлөмү 8,5 миллиард доллардан ашкан.

Пикир

Оставить комментарий