• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Путин жана Назарбаев Астанадагы Сирия боюнча жолугушууну талкуулашты

Дүйнө 0

Бишкек, 30-май /Кабар/. Россиянын Президенти Владимир Путин жана Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу Астанадагы эл аралык Сирия боюнча кезектеги жолугушууга даярдыктарды талкуулашты. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

“Россиянын Президенти Владимир Путиндин Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефондук сүйлөшүүсү болду... Сирия боюнча кезектеги эл аралык жолугушууга даярдыктар маселеси да козголду”, – деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, президенттер бир катар эки жактуу жана эл аралык актуалдуу маселелерди талкуулашты. Анын ичинде, Астанада июнда өтүүчү ШКУ мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын жыйыны жана "ЭКСПО – 2017" көргөзмөсү тууралуу сүйлөшүштү.

“Астана” аянтында сириялык жөнгө салуу боюнча жолугушуулардын 23-24-январда, 15-16-февралда, 14-15-мартта жана 3-4-майда 4 раунду өттү. Алардын негизги жыйынтыгы Сириядагы согуш аракеттерин токтотуу режиминин мониторинги боюнча биргелешкен ыкчам топ түзүү жана кепилдик берүүчү өлкөлөрдүн (Россия, Түркия жана Иран) Сирияда деэскалация аймагын түзүү меморандумуна кол коюусу болду.

Булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий