• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Путин жана Назарбаев Бишкекте ЖЕЭК саммитин өткөрүүнү талкуулашты

ЕАЭБ 0

Бишкек, 24-март /Кабар/. Владимир Путин жана Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу сүйлөшүүдө эки жактуу жана аймактык кызматташуу, анын ичинде Бишкекете Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин саммитин өткөрүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Кремль басма сөз кызматы билдиргенин РИА Новости жазды.

“Мамлекет башчылар эки жактуу жана аймактык кызматташуу маселелери, анын ичинде Бишкекте ЖЕЭК саммитин өткөрүүнүн айрым аспектилерин козгошту”, - деп айтылат билдирүүдө.

ЕАЭБдин жогорку органы ЖЕЭК болуп саналат. Анын курамына мүчө-мамлекеттердин башчылары кирет. ЖЕЭК биримдиктин ишмердигинин принципиалдуу маселелерин, стратегиясын аныктоо, интеграцияны өнүктүрүү, биримдиктин максаттарын ишке ашырууга багытталган чечимдерди карайт. Жогорку Евразия экономикалык кеңештин жыйыны жылына бир жолудан кем эмес өтөт. Биримдиктин ишмердигиндеги кечиктирилбес маселелерди чечүү үчүн мүчө-мамлекеттердин биринин же ЖЕЭКтин төрагасынын демилгеси менен кезексиз жыйындары чакырылышы мүмкүн.

Евразия коммуникациялык борбору

Пикир

Оставить комментарий