• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Путин Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин КР президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады.

«Ушул күнү биз фронтто фашисттик баскынчыларга каршы эрдик менен салгылашып, жалпы Жеңиш үчүн тылда жан аябастан эмгектенген аталарыбыз менен чоң аталарыбыздын эрдиктерин чексиз ыраазычылык жана сыймыктануу менен эскеребиз.

Согуштун оор жылдарында чыңдалган достуктун жана өз ара жардамдашуунун салттары мындан ары да союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда орус-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө кызмат кыла берерине ишенем», - деп айтылат Россия президентинин куттуктоосунда.

Владимир Путин Кыргызстанда жашаган бардык ардагерлерге жана тыл эмгекчилерине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорун жана ыраазычылык сөздөрүн айтып, аларга чың ден соолук, бакубатчылык жана узун өмүр каалады.

Пикир

Оставить комментарий