• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Путин Жээнбековду КР президенти катары шайланышы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 16.10.17. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин Сооронбай Жээнбековго анын Кыргызстандын президенти болуп шайланышына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөткөнүн, Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

“Россия мамлекетинин башчысы шайлоонун жыйынтыгы С.Ш.Жээнбековдун мекендештери арасындагы жогорку аброюн ырастап, Кыргызстандын социалдык-экономикалык актуалдуу маселелерин чечүүдөгү анын салымын таанууну күбөлөндүрөт”, - деп айтылат билдирүүдө.

Путин ошондой эле Россияда Жээнбековдун РФ жана КР ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты чыңдоого кошкон салымын жогору баалашарын белгиледи. Мамлекет башчы өлшкөлөр биргелешкен аракеттери менен эки жактуу алакаларды, Евразия экономикалык бирлигинин жана эл аралык түзүмдөрдүн алкагындагы өз ара кызматташууларды өнүктүрүүнү камсыздайт деп ишеним билдирди. Бул “биздин достош өлкөлөрүбүздүн түпкү кызыкчылыктарына ылайык келип, аймактык туруктуулук жана коопсуздукту бекемдөө багытында жүрөт”.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий