• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Путин Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 30.12.17 /Кабар/. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык сакясат бөлүмү билдирди.

«Өткөн жыл орус-кыргыз стратегиялык шериктештик жана союздаштыктын бекемдигин тастыктады. Саясий диалог активдүү өнүгүп, түрдүү тармактарда эки тараптуу өз ара пайдалуу долбоорлор ишке ашырылып жатты. Биздин өлкөлөр аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелерин чечүүдө биргелешип аракеттенди. Россия жана Кыргызстандын ортосундагы конструктивдүү кызматташтыкты кеңейтүү боюнча, Евразия экономикалык бирликтин, КМШ, ЖККУ жана ШКУдагы шериктештик байланыштардын алкагында биргелешкен иштерди улантабыз деп ишенем», - деп куттуктоодо белгиленген.

Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековго бекем ден-соолук, бакты-таалай жана бакубаттык, ал эми өлкөнүн достук мамиледеги элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий