• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Путин Жээнбековго: Сиздин аракетиңиз менен Кыргызстанда тынч, кырдаал туруктуу

Саясат 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. "Сиздин аракетиңиз менен Кыргызстанда тынч, кырдаал туруктуу", - деп билдирди Россиянын президенти Владимир Путин КРнын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен болгон тар форматтагы жолугушуунун жүрүшүндө.

Президент Сооронбай Жээнбеков россиялык кесиптеши менен жылуу учурашты жана Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келгени үчүн ага ыраазычылык билдирди.

Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келүүгө чакырганы үчүн Президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди жана жакында болгон жолугушууну эске салды.

«Биз анда күндөлүк көйгөйлөр тууралуу сүйлөшкөнбүз, бүгүн биздин ортобуздагы диалогдун уланып жатканы жагымдуу көрүнүш. Кыргызстан — биздин ишенимдүү союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз буга чейин да иштегенбиз, мындан кийин да эки тараптуу планда жана эл аралык аянтчада бирге иштешүүгө даярбыз. Биз эми эле Кыргызстан жакында чоң эл аралык уюмду — Шанхай Кызматташтыгы Уюмунун Саммитин кабыл алаары жөнүндө сүйлөштүк. Бул ири эл аралык иш-чара жогорку деңгээлде өтөт деп ишенем. Сиздин аракетиңиз менен Кыргызстанда тынч, туруктуу кырдаал орноп, социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселелерди чечүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн өзгөчө баса белгилегим келет», — деп баса белгиледи Владимир Путин.

Пикир

Оставить комментарий