• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Путин: Жерүйгө жыйырма жылда 600 млн доллар инвестиция салынат

Экономика 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Россиянын ортосунда жаратылыш кен байлыктарын пайдалануу жаатында кызматташуу ийгиликтүү өнүгүүдө. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн маалымат жыйында билдирди.

Россиянын лидери бүгүнкү күндүн талаптарына ылайык, “Альянс” тобу жана кыргыз “Альянс алтын” тобу “Жерүй” кени боюнча ири долбоорду ишке ашырууну баштайт, деп баса белгиледи.

“Жакынкы 20 жылдын ичинде долбоорго салынган инвестициялардын суммасы 600 млн.долларды түзөт”, - деди ал.

Андан тышкары Путин жогорку технологиялар чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташуу тереңдеп жатканын билдирди.

“Келечекте ийгиликтүү долбоорлордун тизмесинде - Кыргызстанда күн электр станциялары үчүн кристалл пластиналарын өндүрүү кирет. Россия заманбап жарыкдиоддук тейлөөнү жакшыртууга даяр”, - деп кабарлады ал.

Пикир

Оставить комментарий