• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Путинди дүйнөдөгү эң бай адам деп аташты

Дүйнө 0

Бишкек, 28-июль /Кабар/. Британиялык Hermitage Capital инвестициялык корунун башчысы Уильям Браудер Орусия президенти Владимир Путинди дүйнөдөгү эң бай адам деп эсептейт. Орусияда каржы кылмыштарына айыпталып жаткан Браудер Путиндин байлыгын 200 миллиард долларга баалады.

Ал 27-июлда АКШ Сенатынын юридикалык комитетинде көрсөтмө берди. Комитет Конгресстин башка комитеттери сыяктуу эле Орусиянын Кошмо Штаттардагы былтыркы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсү боюнча өз алдынча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Браудер Путиндин сырткы саясаттагы эң башкы максаты — АКШда 2012-жылы кабыл алынган «Магнитский актысын» жокко чыгаруу болуп эсептелерин билдирди. Аталган акты адам укуктарынын одоно бузулушуна тиешеси бар орусиялык жарандар менен компанияларга каршы санкцияларды киргизүү укугун берет. Браудердин айтымында, өткөн жылы дал ушул маселе боюнча орусиялык юрист Наталья Весельницкая АКШнын конгрессмендери жана учурдагы президент Дональд Трамптын уулу менен жолугушкан.

Hermitage Capital корунун башчысынын пикиринде, Путиндин кол алдында иштеген 10 миң киши адамдарды уурдоо, кыйноо жана өлтүрүү жолдору аркылуу жеке менчик мүлктөрдү тартып алуу менен алектенишет. Айтымында, президент аларды калкалап келет жана «Магнитский актысы» буга тоскоолдук кылышы мүмкүн. Актынын жана башка өлкөлөрдө кабыл алынган бул сыяктуу мыйзамдардын негизинде Владимир Путиндин тегерегиндеги көптөгөн адамдардын банк эсептери тоңдурулган.

Браудер 19-июлда "Настоящее время" телеканалына берген маегинде Путин виолончелист досу Сергей Ролдугиндин офшордук компаниясы аркылуу 230 миллион доллар аларын билдирген. Анын айтымында, бул тууралуу кезинде кордун юристти Сергей Магнитский айтып чыгып, алгач камакка алынып, андан соң 2009-жылы Москвадагы тергөө абагында өлтүрүлгөн.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий