• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Путиндин басма сөз катчысы коронавирус жугузуп алды

Дүйнө 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/.Россиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков коронавирус жугузуп алды. Бул тууралуу кабарды ал ТАСС маалымат агенттигине ырастады.

Өткөн айдын аягында Россиянын премьер-министри Михаил Мишустинге да коронавирус жукканы белгилүү болгон. Өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткаруу биринчи вице-премьер-министр Андрей Белоусовго жүктөлгөн.

Россияда соңку бир күндүн ичинде COVID-19 жуккан дагы 10 899 адам аныкталды. Ооруга чалдыккандардын саны 232 миңден ашты жана мындай көрсөткүч менен Россия АКШдан кийинки эле экинчи өлкө болуп калды. Акыркы бир күндүн ичинде бул өлкөдө сөз болуп жаткан илдеттен 107 адам каза болду. Жалпысынан 43,5 миңдей киши айыкты.

Президент Владимир Путин 11-майда Россияда жалпы иш эмес күндөрдүн мөөнөтү мындан ары узарбай турганын айткан жана карантин чараларын жумшартууга байланыштуу ар бир аймактын бийлиги өз алдынча чечим кабыл аларын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий