• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Путиндин Кыргызстанга күтүлүп жаткан алгачкы мамлекеттик сапары

Аналитика 0

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин 2019-жылдын март айынын аягында Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Кыргызстанга келип кетүүнү президент Сооронбай Жээнбеков эки лидердин ушул жылдын 23-январындагы жолугушуусунда сунуштаган. Бул сапар эки өлкөнүн тарыхындагы алгачкы мамлекеттик визит болуп калат.

Жогорку деңгээлдеги жолугушуунун негизги максаты орус-кыргыз мамилелерин өнүктүрүү болот.

Эки өлкөнүн лидерлери соода-экономикалык кызматташуу, коопсуздук маселелери, Кыргызстанда инфраструктуралык курулуш тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. Ошондой эле Россияда иштеп жаткан кыргызстандык мигранттардын маселелери да көңүл сыртында калбайт. Жолугушуунун жыйынтыгы менен 15 документке кол коюу пландалууда.

"Мамлекеттик сапардын алкагында бир катар иш-чара пландалган. Кыргыз-россиялык Өкмөттөр аралык комиссиянын XXI отуруму өтүп, КР менен Россиянын бизнес коомчулугу катышкан VIII кыргыз-россиялык Аймактар аралык конференциясы өткөрүлөт. Ага 500 бизнес өкүлү катырашы белгиленүүдө. Алгачкы ирет Кыргызстанда Россия менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун Форуму өтөт. Анын жыйынтыгы менен эки өлкөнүн окуу жайларынын ортосунда бир катар Макулдашууга кол коюлат", - деп билдирди президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков.

Белгилеп кетсек, Россиянын лидеринин бул сапары эки өлкөнүн тарыхындагы алгачкы мамлекеттик сапар болуп калат.

Белгилүү болгондой бөтөн өлкөлөрдүн мамлекет башчылары Кыргызстанга мамлекеттик, расмий жана жумушчу сапарлары менен келип кетишет. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Кабар" агенттигине, ал сапарлардын айырмачылыгын айтып берди.

"Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 11-апрелиндеги №32 "КРнын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Мыйзамына (КРнын 2013-жылдын 23-январындагы №7 Мыйзамынын редакциясында) ылайык 1-беренесинде айтылгандай, мамлекеттик сапар Кыргыз Республикасына жасалган эң жогорку сапар болору жана эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин жогорку саясий деңгээлге чыкканын белгилөө үчүн жасалып, ал чет өлкө башчысынын бийликтеги ыйгарым укуктарын аткарып жаткан мезгилде бир гана ирет жасай алат. Мыйзамда каралган сый аземдери Мамлекеттик сапар учурунда толук жасалат", - деп билдиришти тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

ТИМ билдиргендей, расмий сапардын мамлекеттик сапардан айырмасы, ал сапарлардын негизги түрү болуп, чет мамлекеттер менен түзүлгөн расмий дипломатиялык мамилелерди чагылдырып турат. Расмий сапар Кыргыз Республикасына келген бөтөн өлкөнүн мамлекет башчылары үчүн макамы боюнча экинчи орунда турса, бөтөн өлкөнүн өкмөт башчы, тышкы иштер министрлери, ошондой эле парламент төрагалары үчүн жогорку сапар болуп саналат.

"Жумушчу сапар - белгилүү бир максаттагы мааниси бар: чет өлкө башчылары, өкмөт башчы, тышкы иштер министрлери Кыргыз Республикасына сүйлөшүүгө, келишим жана макулдашуу түзүү, маданият күндөрүн, улуттук көргөзмөлөрдү ачуу, ошондой эле КРнын президенти, өкмөт башчысы жана тышкы иштер министри менен жолугушуу өткөрүү үчүн келет", - деп билдирет ТИМ.

Владимир Путин 2000-жылдан бери Кыргызстанга ар түрдүү деңгээлдеги 9 сапар менен келген.

Бишкекке жасаган алгачкы сапары 2000-жылы 11-апрелде болгон. Ал Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) мүчө мамлекеттеринин Кеңешинин отурумуна катышкан.

2002-жылы 5-декабрда В. Путин Бишкекке расмий сапар менен келип, ошол кездеги президент Аскар Акаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

2003-жылы 23-октябрда жумушчу сапар менен келип, ошол кездеги президент Аскар Акаев менен жолугушкан.

Анда Россиянын президенти Кант шаарындагы россиялык аскер аба базасынын ачылышына катышып, "Россия-Кыргызстан" инвестициялык форумунда сөз сүйлөгөн.

Ал 2017-жылы 15-16-август күндөрү Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын жолугушуусу алкагында Кыргызстанда жумушчу сапар менен болгон.

Дмитрий Медведев Россиянын мамлекет башчысы болуп турганда ал эки ирет Кыргызстанга келип кеткен. 2008-жылы 9-октябрда расмий сапары, 2009-жылы август айынын башында жумушчу сапар менен келген.

2012-жылы 19-20-сентябрь күндөрү Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткен.

Ошондой эле ал, 2013-жылы 28-майда ЖККУнун формалдуу эмес саммитинин алкагында жумушчу сапар менен Кыргызстанда болгон.

Путин 2016-жылдын сентябрь айында Бишкекке жумушчу сапар менен келип, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги уюмунун мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышкан. Сапардын алкагында Кыргызстандын ошол кездеги мамлекет башчысы менен жолугушуу өткөргөн. Андан тышкары, Россиянын президенти 1916-жылы Үркүндө каза тапкандардын мемориалы жана "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексиндеги, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын "Арашан" айылындагы эстелигине гүлчамбар коюу аземине катышкан.

2017-жылы 28-февралда Путин Кыргызстанга расмий сапар менен келип, КРнын ошол кездеги мамлекет башчысы менен жолугушкан.

Ошол эле жылдын 14-апрелинде Путин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышуу үчүн Бишкекке жумушчу сапар менен келген. Ошондой эле Жамааттык коопсуздук Келишими Уюмунун мүчөлөрүнүн мамлекет башчыларынын формалдуу эмес жолугушуусуна катышкан.

Алдыда жасала турган мамлекеттик сапар эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнүн көрсөткүчү десе болот. Мындан улам, эки өлкөнүн мамилелери жаңы деңгээлге чыгат деген ишеним бар.

Путиндин Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө жасаган ар кыл деңгээлдеги сапарлары:

Казакстан - 27;

Өзбекстан - 8;

Тажикстан - 10;

Түркмөнстан - 5.

Пикир

Оставить комментарий