• 84.79
  • 96.61
  • 1.11

Путиндин мамлекеттик сапарына карата: Эки тараптуу мамилелер, келечек жана сапардын алдындагы үмүттөр

Аналитика 0

28-мартта Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет. Ал алгачкы ирет жасалып жаткан мамлекеттик сапар экени айрыкча жагдай болууда. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин директору Руслан Бийбосунов "Кабар" агенттигине берген маегинде эки өлкө башчысынын жолугушуусу жана эки мамлекеттин өнөктөштүк мамилелеринин өнүгүүсүнүн келечеги тууралуу айтып берди.

- Жакынкы күндөрү Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет. Учурдагы кыргыз-россиялык мамилелерди кандай мүнөздөй аласыз?

- Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын мамлекеттер аралык кызматташтыгы стратегиялык өнөктөштүк маанайда өнүгүп, эки өлкөнүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берет. Ага Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келип жатканы далил боло алат.

Эки мамлекеттин кызматташтыгы кеңейүүдө жана ал дээрлик баардык багытты, маселен тышкы саясий, аскерий-техникалык, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарды камтыйт.

Мамлекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги, министрлик жана мекемелердин жетекчилеринин байланышы үзүлбөй келет. 2018-жылы эле 30дан ашык жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушуу жана сүйлөшүүлөр өткөн. Мамлекеттер аралык мамилелер аймактар аралык кызматташуу менен бекемделип турат.

Кыргыз-россиялык парламенттер аралык байланыш иштиктүү өнүгүүдө. Парламент төрагалары менен тийиштүү комитеттердин башчылары сапарлар менен келип-кетип, жолугушуу өткөрүп келишет. Ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер ассамблеясынын алкагында да болууда.

Саясий-экономикалык диалог өз ара ишеним жана түшүнүшүүнүн негизинде жүрүүдө. Эки тарап учурдагы жагдай жана кызматташтыктын келечеги боюнча маселелерди багыт-багыттары менен карап, кыргыз-россиялык мамилелерди мазмундуу кылууга, келишимдик-укуктук базаны жакшыртуу жана кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө.

Учурда ал кызматташуунун баардык тармактарын камтыган 300дөн ашык келишим, макулдашуу жана башка документтерден турат. Алардын арасынан 1992-жылдын 10-июнундагы Кыргызстан менен Россиянын Достук, кызматташуу жана өз ара жардам тууралуу Келишими, 2000-жылдын 27-июлундагы Кыргызстан менен Россиянын Түбөлүк достук жөнүндө Декларациясы, 2017-жылдын 19-июнундагы Кыргызстан менен Россиянын Стратегиялык өнөктөштүк жана шериктештикти бекемдөө жөнүндө Декларациясы негизгилери болуп келет.

- Россиянын президентинин алдыдагы мамлекеттик сапарынан эмнелерди күтсө болот? Бишкекте кандай иш-чаралар белгиленген?

- Кыргыз тарап кыргыз-россиялык мамилелерге кошумча дем бере турган алдыдагы сапарга чоң маани берет.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен В. Путин эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибиндеги эң маанилүү маселелерин карай турганы белгиленип жатат. Жогоруда айтылгандай ал дээрлик баардык багытты камтыйт. Биздин экономикалык байланыш, айыл-чарбасындагы кызматташууну өнүктүрүү, кыргыз продукцияларын россиянын базарларына сатуу, өз ара соода үчүн жакшы шарттарды түзүү боюнча дагы багыт-багыты менен сүйлөшүүлөр болорун ойлоп жатам.

Унаа жана коммуникация, энергетика жана өнөр-жай кооперациясы тармагында бирдиктүү долбоорлорду жүргүзүү, ошондой эле аскерий жана аскерий-техникалык тармакта кызматташуу да өзүнчө талкууланат.

Мамлекет башчылар Сегизинчи кыргыз-россиялык Аймактар аралык конференциясынын ишине катышышат. Ал форумда эки тараптын аймактарынын жана бизнес түзүмдөрүнүн ортосундагы түз байланышын кеңейтүү, инвестиция тартуу, ишкер чөйрөдөгүлөрдүн ишмердиги үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери каралат.

Сапардын алдында 27-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын окуу жайларынын ректорлорунун Биринчи форуму өтөт.

Ошондой эле музыка, искусство, бий жана актердук чеберчилик багытындагы өзүнүн чыгармачыл мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырып жаткан Кыргызстан менен Россиянын өнөрлүү балдарын бириктирген 14-Эл аралык "Цветы России" фестивалы өткөрүлөт.

- Эки өлкө лидеринин жолугушуусунда дагы кандай маселелер боюнча сөз жүрөт?

- Салттуу түрдө эки өлкөнүн президенттери эл аралык жана аймактык маселелер, аймактык коопсуздукту камсыздоо багытындагы кызматташуусу, жаңы чакырыктар менен коркунучтарга каршы туруу, бул багыттарда бирдиктүү чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча пикир алышышат. Ошондой эле көп тараптуу кызматташуу маселеси, анын ичинде Кыргызстан менен Россия кирген аймактык уюмдардын алкагындагы кызматташуусун талкуулоого мүмкүндүк жаралат.

Арийне, эки тарап бекемдеп, байытууга ниеттенген биздин маданий-гуманитардык байланыш боюнча өзүнчө сөз болот.

Белгилүү болгондой, 2018-жылы Кыргызстан менен Россия дүйнөгө атагы чыккан жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдык мааракесин татыктуу белгиледи. Кыргызстандын президенти С. Жээнбековдун катышуусу менен Ч. Айтматовдун атын алган сейил бакта жазуучунун эстелигинин ачылышы болду.

Өткөн жылы Россияда улуу жазуучунун мааракесине арналган 40тан ашык иш-чара, анын ичинде кинотасманын көрсөтүлүшү, спектакль, адабий кече, сүрөт көргөзмөсү, тегерек стол, жаштар фестивалы, адабиятчылардын жана интеллектуалдардын эл аралык форуму, илимий-практикалык конференция, Айтматовдук окуулар жана башка иш-чаралар өткөрүлдү.

- Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык кызматташтыгы жана соода жүгүртүүсү боюнча кыскача айтып берсеңиз?

- Эки тараптуу соода жүгүртүүнүн статистикалык маалыматтары боюнча, Кыргызстандын тышкы соодасынын орчундуу бөлүгү Россия менен жүргүзүлөт. Акыркы жылдары биздин өлкөлөрдүн ортосундагы жалпы соода жүгүртүүнүн төмөндөөсүнө (ал дүйнөлүк кризистик жагдайлар менен шартталган) карабай, былтыр Кыргызстандын Россияга экспорту туруктуу өскөнү байкалган.

Кыргызстандын Экономика министрлигинин алдын ала маалыматтары боюнча, 2018-жылы эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүү 1,5 млрд. доллардан ашык болуп, 2017-жылга караганда дээрлик 4%га өскөн.

Президент С. Жээнбековдун 2018-2019-жылдарды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялашын эске алуу менен, кыргыз тарап аймактар аралык кызматташуунун алкагында Россиянын субъекттери менен түз соода-экономикалык байланышты кеңейтүүгө көңүл бурат.

Бул жагынан алганда Аймактар аралык конференция жана соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиянын орду чоң. Анын 21-отуруму ушул жылдын 1-мартында Бишкекте өткөн.

Комиссиянын отурумунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун эң эле маанилүү маселелери, маселен, соода, инвестиция, энергетика, мунай-газ тармагы, өнөр-жай, унаа, айыл-чарба, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, туризм жана аймактар аралык кызматташуу тармагындагы келечектүү багыттар талкууланган.

Белгилүү болгондой, эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусу Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) алкагында да жүргүзүлөт.

Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуу иш-чараларынын алкагында Россия бир топ жардам көрсөтүүдө. Бул жагынан алганда, 2015-жылы ишке кирген Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фондун белгилеп кетүү керек. Фонддун ишмердиги Кыргызстандын экономикасынын Евразиялык интеграция шарттарына көнүп кетүүсүнө багытталган.

Биздин өлкөлөр ЕАЭБ алкагындагы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу ишке ашырууну, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралардын бирдиктүү эрежелерин орнотуу, товар, кызмат жана эмгек ресурстарынын эркин болуусу үчүн учурда болгон кедергилерди, чектөөлөрдү алып салуу пикирин карманат.

Мисал катары айта кетсем, жакында россиялык тарап Кыргызстандан келген эт азыктарына болгон чектөөнү бир тараптуу алып салды. Ошондой эле, Россиянын аймагындагы Кыргызстандын жарандарына "миграциялык мунапыс" түрүндөгү жеңилдик бере турганын жарыялады.

- Мамлекеттик сапардын жыйынтыгы менен макулдашууларга кол коюу каралып жатабы?

- Макулдашуулардын узун тизмеси даярдалып жатат. Учурда макулдашуунун тийиштүү жол-жоболорун аяктоо боюнча эки өлкөдө кызуу иштер жүрүүдө. Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен бир катар мамлекеттер, өкмөттөр жана мекемелер аралык документтерге кол коюлат.

Андан тышкары, Аймактар аралык конференциянын алкагында Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүштөрү менен Россиянын субъекттеринин ортосунда бир топ макулдашууга, ишкер чөйрө ортосунда соода жана инвестициялык контракттарга кол коюуу каралууда. Ректорлордун форумунун жыйынтыгы менен тийиштүү келишимдерге кол коюлат.

Даярдалып жаткан документтер эки өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп берип, эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтип, биздин мамилелерди өнүгүүнүн жаңы баскычына чыгарууга багытталган.

- Маегиңизге чоң рахмат.

Пикир

Оставить комментарий