• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«QazVac» вакцинасы. Кандай каршы көрсөтмөлөрү жана терс таасирлери болушу мүмкүн?

COVID - 19 0

Бишкек, 30.07.21. /Кабар/. 28-июлда Кыргызстанга коронавируска каршы «QazVac» казак вакцинасынын 25 миң дозасы келген. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, «QazCovid-in» вакцинасы – инактивдүү вакцина, коронавирус инфекциясына (COVID-19) каршы спецификалуу алдын алуу болуп эсептелип, биринчи жана экинчи дозаны алуу аралыгы 21 күндү түзөт. Вакцина 18 жаштан жогору жарандарга сунушталган.

Каршы көрсөтмөлөр:

- курч жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулар;

- күчөп жаткан өнөкөт оорулары же декомпенсация;

- иммунодефицит абалы (алгачкы), иммуносупрессия, залал шишиктер;

- анафилактикалык шок, оор аллергиялык реакциялар, карышуу синдрому, дене табынын 40°С жогору;

- 18 жашка чейинки курак;

- кош бойлуу аялдар жана лактация мөөнөтү.

Вакцина ала турган жарандар анамнезди эске алуу жана дене табын өлчөө менен дарыгердин текшерүүсүнөн өтүүсү зарыл.

Вакцинадан кийин кандай реакция болуусу мүмкүн?

Вакцина сайылган жерде теринин оорушу, шишиши жана кызарышы пайда болушу мүмкүн. Кээ бир эмдөөдөн өткөн адамдар өзүн начар сезип, чарчоо, оорутуу жана дене табы көтөрүлүшү мүмкүн. Бул көрүнүштөрдүн узактыгы, эреже катары, 3 күндөн ашпайт.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө аталган вакцина менен 300 миңден ашуун казакстандыктар эмдөөдөн өткөн. Олуттуу терс таасирлери катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий