• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өрүк, буурчак, дары чөптөр — Кыргызстанда дагы кандай органикалык продукциялар өстүрүлөт?

Экономика 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Органикалык айыл чарба департаментинин директору Бактыгүл Аскералиева Кыргызстанда кандай органикалык продукциялар өстүрүлөрүн айтты.

Анын айтымында, Баткенде органикалык өрүк, ал эми дары чөптөр Ысык-Көлдө өстүрүлөт.

“Өлкөнүн түштүк аймагына органикалык бадам жана мисте өстүрүүнү баштоо пландаштырылууда. Ысык-Көлдө жана Чүй облустарынын тоо этектеринде жүзүм, Таласта кара өрүк отургузуу каралууда. Мындан тышкары, Жалал-Абадда органикалык пахта өстүрүлүүдө. Ал эми Ысык-Көлдөн чыккан дары чөптөр Германияга экспорттолууда. Жакында Испанияга дары чөптөрдү экспорттоо боюнча келишим түзүлдү”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий