• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өрүк жана шербет: Баткендин бренд азыктары сатыкка чыкты. Сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. Баткен облусунда жергиликтүү өндүрүүчүлөр тарабынан жасалган таза азыктар соода түйүндөрүндө сатыла баштады.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, облустун бренд азыктары бажы биримдигинин талаптарына жооп берет жана нукура.

Баткендин бренд азыктарынын катарына — өрүк скрабы, өрүк талканы, килкилдек, шербет, нукура таттуулар, өрүк токочтору, кургатылган өрүк жана данектер кирет.

«Баткендик ишкерлердин бул азыктарды өндүрүү технологиясына JICA уюмунун «Бир айыл - бир продукт» долбоорунун эксперттери жардам берүүдө. Batken Product аталышындагы логотип менен сатыкка чыккан бул азыктар Бишкек шаарындагы «Бир айыл - бир продукт» долбоорунун дүкөнүндө да сатылууда», - деп айтылат маалыматта.

Учурда жергиликтүү бийлик жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана жаш балдарды экологиялык таза азыктар менен тамактандыруу максатында, мектеп, бала бакчаларга сатып алууну пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий