• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Үрүмбаш-Жетиген» электр берүү чубалгысындагы авария жоюлду

Аймак 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Нарын филиалынын энергетиктери Сары-Кыр ашуусунун чокусундагы деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте жайгашкан «Үрүмбаш-Жетиген» 110 кВ электр берүү чубалгысындагы аварияны жоюшту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6-октябрындагы тоолуу ашууларда жааган калың кардан, катуу шамалдан жана зымдарга жабышкан суулуу кардан улам «Үрүмбаш-Жетиген» 110 кВ электр берүү чубалгысы иштен чыккан.

Бийиктиги 1-3 метрге жеткен кардан жолду тазалоо үчүн жети күн кетти. Буга атайын техникалар - камаз, кран, бульдозер, крал, экскаватор, жүктөгүч жана бензин агрегаттары тартылды.

"Энергетиктер ал жерге жетишип, бузулуунун чоо-жайын ачыкташты. Тоңуп калган зымдардын оордугунан улам темир тирөөчтүн үстүңкү бөлүгү ийилип, үч фазадан тараган ЭБЧ зымдарынын үчөө тең үзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Нарын филиалынын бригадалары абанын температурасы төмөн болгон шарттарда үч күн бою авариялык калыбына келтирүү иштерин жүргүзүшкөн.

Оңдоо иштери 2021-жылдын 19-октябрында аяктап, «Үрүмбаш-Жетиген» электр берүү чубалгысы ишке киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий