• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Минниханов: «Алтай форуму тарыхты үйрөнүүдө кызматташтыкты активдештирет»

Саясат 0

Бишкек, 20-июль /Салтанат Абдраева - Кабар/. “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” форуму тарыхты үйрөнүүдө кызматташтыкты активдештирет. Бул тууралуу аталган форумда сөз сүйлөп жатып Татарстандын президенти Рустам Минниханов билдирди.

“Биздин элди тарых, маданият, жалпы салт жана динибиз бириктирип турат. Учурда биз атаандашттыкка даяр болуп, дүйнөнүн бардык талаптарына жооп беришибиз зарыл. Ал үчүн бизде бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Ошол эле учурда биз байыркы тарыхыбызды, салтыбызды унутпашыбыз шарт”,-деди Минниханов.

Татарстандын башчысы жалпы коопсуздук жана маданият тармагында көп иштер жасалганын кошумчалады. Анын айтымында, Евразия-бул ар бир эл өзүнүн маданиятын, каада-салтын сактап калган көптөгөн маданияттын түпмекени.

“Форумдун бүгүнкү темасы Алтай цивилизациясы менен байланышкан. Мындан улам биздин алдыбызда Алтайда башталган тарыхый жана практика жүзүндөгү мурастын маанилүүлүгүн сактап калуу тапшырмасы турат. Бул келечекте изилдөө иштерине жакшы материал болуп, Евразия аймагындагы элдердин кызматташуусун бекемдөөгө өбөлгө түзөт”,-деп белгиледи Минниханов.

Пикир

Оставить комментарий