• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Үрөн чарбасын өнүктүрүү үчүн инновациялык технологияларды колдонуу маселеси каралды

Коом 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков «Үрөндөр» ассоциациясынын президенти Иван Кузьмин баштаган Россиянын делегациясы менен жолукту.

Аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу буга чейин президент Садыр Жапаров баштаган кыргыз делегациясынын Москвага болгон иш сапарында жетишкен макулдашууга ылайык өттү.

Россиядан келген делегация менен жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандагы үрөн чарбалардын абалы талкууланды. Кузьмин Кыргызстанда өсүмдүктөрдүн үрөнүнүн сортторун өзгөртүү, жаңыртуу менен ишти уюштуруу боюнча бир катар сунуштарды айтты.

Ал өлкөдөгү үрөн чарбалардын абалын жакшыртууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

«Кузьминдин бул жаатта бай тажрыйбасы бар. Мисалы, Түркмөнстанда жана Өзбекстанда дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүнүн абдан олуттуу жогорулашы менен бул өлкөлөр импортко көз каранды болбой калышты», - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, «Үрөндөр» ассоциациясынын жетекчиси биздин мыйзамдарды, биринчи кезекте «Үрөн жөнүндө» мыйзамды өзгөртүү үчүн ал бир катар ченемдик укуктук актыларды алып келди. Бул мыйзам Кыргызстандагы үрөнчүлүктүн мындан ары өнүгүшүнө жакшы таасирин тийгизет.

Мындан тышкары, жолугушууда үрөн чарбасын өнүктүрүү үчүн инновациялык технологияларды колдонуу маселеси каралды.

«Щелково Агрохим» ААКсынын башкы директорунун орун басары Александр Пряничников күзгү буудайдын, соянын, буурчактын жана башка өсүмдүктөрдүн заманбап үрөндөрүнүн сортторун көбөйтүү боюнча сунушун айтты.

Биздин үрөнчүлүк чарбалардын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Александр Пряничников өзүнүн ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тыгыз кызматташып, жаңы сортторду өндүрүү макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий